Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Жаштар Бишкек шаардык сотунун алдына пикетке чыгышты


“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү бүгүн түрк жаранынан зомбулук көрдү делген Чолпон Орузбаеванын таламын талашып, Бишкек шаардык сотунун алдына пикетке чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” акция уюштуруучуларынын бири Айбек Жанышов билдирди. Анын айтымында, жаштар тез арада Орузбаевага кол көтөрдү деп шектелген Гүнеш Йылмазды камоо, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган Бишкек шаардык сотунун Л. Нарымбаева, Ж. Калыбекова, М. Бейшенова аттуу судьяларын иштен алып, жазага тартуу, Чолпон Орузбаевага ал иштеген "Бета-Сторес" соода түйүнүнүн администрациясы тарабынан компенсация төлөтүүнү талап кылып жатышат.

Мындан тышкары жаштар Миграция министрлигине кайрылып, сырттан келген жарандарга Кыргызстанда өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу маалымат берүү, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына бул ишти кайра тергөө сунушун берүүдө.

Акцияга 30 чакты жаш активист катышууда.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы Людмила Нарынбаева Гүнеш Йылмаздын иши боюнча сот мыйзамдык негизде чечим чыгарганын “Азаттыкка” билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG