Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Маалыматтык коопсуздук боюнча ШКУ келишими жактырылды


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитети Эл аралык маалыматтык коопсуздук боюнча ШКУ келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Комитеттин бүгүнкү жыйынында Мамкаттоо кызматынын башчысы Жаныбек Бакчиев бул келишим ириде ШКУга мүчө өлкөлөрдө террористтик максатты көздөгөн маалыматтын жайылып кетишин алдын алуу үчүн коопсуздукту камсыздоо чарасы катары кабыл алынганын айтты.

Келишимге 2009-жылы июнда Екатеринбургада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кол койгон. (EK)

XS
SM
MD
LG