Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

“Прогресс” фонду өкмөт башчыга ачык кат жолдоду


Аталган фонд төрагасы Адил Турдукуловдун пикиринде, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев быйыл өтүшү күтүлүп жаткан президенттик шайлоо жарыяланганга чейин кызмат ордунан четтеши абзел. “Бул шайлоо алдында административдик ресурс колдонулбайт дегенге кепилдик болот, шайлоочуларда шайлоо таза өтөөрүнө ишеним күчөйт” - деп жазылат ачык катта. Мындан тышкары катта премьер-министрге “Ата Журт” партиясы менен коалициялык келишимди үзүү сунушу берилген. Анткени бул коалиция 7-апрелдеги элдик революциянын идеяларына туура келбейт. Ошондой эле Социал-демократтар партиясындагы ишкерлигинен улам гана мүчөлүктө жүргөн адамдардан арылуу кеңеши салынат. Ачык кат бүгүн ММК аркылуу жолдонду. (EK)

XS
SM
MD
LG