Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Астанада кыргыз жана кытай президенттери жолукту


Астана шаарындагы ШКУ саммити өтүп жаткан "Ак Ордо" сарайы. 13.6.2011.
Астана шаарындагы ШКУ саммити өтүп жаткан "Ак Ордо" сарайы. 13.6.2011.
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева менен кытайлык кесиптеши Ху Цзиньтаонун жолугушуусу Шанхай Кызматташтык уюмунун Казакстандын башкалаасында ачылып жаткан саммитинин алкагында өттү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки президент Кыргызстан менен Кытайдын аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуудагы, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өөрчүтүү маселелерин талкуулашты.

Шанхай Кызматташтык уюмунун мааракелик онунчу саммитине катышуу үчүн президент Роза Отунбаева Астанага шейшембиде (14-июнда) эртең менен жөнөп кеткен. ШКУ саммитинин негизги иш чаралары шаршембиде өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG