Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

CPJ "Ош ТВ", "Мезон ТВнын" ээлерине куугунтукту токтотууга чакырды


Журналисттерди коргоо уюму (CPJ) Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага жолдогон катында Оштогу өзбек телеканалдарынын кожоюндарынын ишине тынчсыздануу билдирди.

Уюмдун катында “Ош ТВ” жана “Мезон ТВ” телеканалдарынын кожоюндары өзбек тектүү Халил Кудайбердиев менен Жавлон Мырзакожаевге облустук прокуратура жок жерден жалаа жаап, кылмыш ишин ачканын айтат. Журналисттерди коргоо уюму укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө кордук көргөнүнө да камтамачылык билдирип, мунун баары Отунбаева өзү сөз эркиндиги үчүн күрөшөөрүн айткан сөзүнө каршы келээрин айтты.

Каттын көчүрмөсү АКШнын Кыргызстандагы элчиси, Кыргызстандын юстиция министри, башкы прокурору, ЕККУнун, ЮНЕСКОнун, Евробиримдиктин жана башка уюмдардын жетекчилерине жолдонгон. “Ош ТВ” менен “Мезон ТВ” компанияларынын мурдагы жетекчилерине Кыргызстанда “массалык башаламандык уюштурган”, "сепаратисттик иш кылган", “улуттар ортосунда жек көрүүчүлүктү жараткан” деген жана башка айып менен кылмыш иши козголгон. (AA/TD)

XS
SM
MD
LG