Марокконун падышасы Мухаммед VI өлкө конституциялык монархияга айланаарын билдирди. Жуманын кечинде Мухаммед VI өз сөзүндө Марокко демократиялык реформага барып, парламенттик системаны чыңдай тургандыгын айткан. Ошол эле учурда падыша колунда өтө чоң бийликти кармап, армия менен Коопсуздук кеңешинин башчысы бойдон кала берет.
Мароккодогу «Феврал 20» демократиялык кыймылынын активисттери өзгөрүүлөр жөн гана үстүртөн, көздү будамайлоо максатында болуп жатканын айтып сындап чыкты.
Мароккодогу «Феврал 20» демократиялык кыймылынын активисттери өзгөрүүлөр жөн гана үстүртөн, көздү будамайлоо максатында болуп жатканын айтып сындап чыкты.