Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Сирия президенти Башар Асад элге кайрылат


Сириянын президенти Башар Асад бүгүн улутка кайрылуу жасамакчы. Мамлекеттик кабар агенттиги ырастагандай, президент “азыркы жагдай” тууралуу кеп кылат. Сириянын Вашингтондогу элчиси гезиттердин бирине берген интервьюсунда өкмөт мыйзамдуу талаптар менен чыккан демонстранттар менен куралдуу бандиттер ортосундагы айырманы билет жана президент “ушул маселеге” токтолот деди. Бир нече күндөн бери Сириядагы зомбулуктан качкан миңдеген адамдар Түркияга агылып жатышат. Ал өлкөдө азыр 10 миңдей киши баш калкалоодо. Дагы ошончо киши Сириянын чек ара тилкесине жакын жерге жайгашкан. Түрк өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган чек ара качкындар үчүн ачык болоорун айтып, Сирия өкмөтүнүн толкундоолорду басуу аракеттерин “ырайымсыздык” деп атады.

XS
SM
MD
LG