Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Тез жардамды тоскон МАИчинин аракетине баа берилет


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тез жардамдын машинасын өткөрбөй койгон жол коопсуздугун күзөткөн кызматкердин иш-аракетин териштирип баа берүүнү, саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабековго ошол тез жардам каякка, кандай дарттагы оорулууга баратканын тактоону тапшырды. Айрым маалымат каражаттары 17-июнда Бишкекте Горький менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде аткаминерлердин унаа кербени өтүп бараткан маалда шашып келаткан тез жардам унаасын МАИ кызматкери өткөрбөй койгонун жазып чыгышкан. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Атамбаев ошол күнү Баткенде иш сапар менен жүргөн. Президенттин маалымат кызматы Роза Отунбаева ал учурда өзүнүн резиденциясында жолугушуу өткөрүп жатканын кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG