Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Кулов коалиция келишимине кол койгонун тастыктаган жок


“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, коалиция келишими боюнча түшүндүрмө берди.

Кулов коалиция келишимине кол койгонун четке кагып, өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязовдун айткандарын тастыктаган жок. Ал “Ар-намыс” дагы деле болсо парламенттеги көпчүлүк коалициясына кирүүгө ниеттүү экенин билдирди.

“Ата Журт” фракциясынын партиянын коалицияга кирүү маселеси быша элек деген каты Куловдун колуна бүгүн эртең менен тийген. Кулов “Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, Ахматбек Келдибековдун бул келишимге кол койгону юридикалык жактан туура эмес”, - деди. (EK)

XS
SM
MD
LG