Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Айдит Эркин: Визаны алып салууга даяр эмеспиз


Туризм жана өнүккөн өлкөлөргө жеңилдетилген виза тартибин киргизүү тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин башчысы Айдит Эркин ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстан өнүккөн өлкөлөр үчүн виза тартибин жеңилдетсе же алып салса, өлкөгө келген саякатчылардын саны эселеп көбөйөөрүн айтышууда. Буга сиз кандай карайсыз?

Айдит Эркин: Туризмди өнүктүрүү жөнүндө сөз болсо эле баары визага такап калышат. Чындыгында туризмди өнүктүрүү үчүн түз авиарейстерди уюштуруу, инфраструктураны жакшыртуу боюнча да аракеттер керек.

Тышкы иштер министрлиги виза саясатын жүргүзгөндө башка мамлекеттик органдардын - ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик каттоо жана Чек ара кызматтарынын пикирлерин эске алат.

Өнүккөн өлкөлөр үчүн виза тартибин алып салууга биз даяр эмеспиз. Бирок Тышкы иштер министрлиги 2000-жылдан бери мезгил-мезгили менен виза саясатын жеңилдетүү боюнча иш жүргүзүп келатат. Бүгүнкү күндө 45 өлкөгө уруксат берилген деп айтылып жүрөт.

Мен тактап кетет элем, азыр 56 өлкөгө жеңилдетилген виза режими колдонулат. Булар кандай жеңилдиктер болушу мүмкүн? Мисалы, бул 56 өлкөнүн жараны “Манас” аэропортуна келип эле бир айга чейин виза ала алат. Же болбосо, биздин элчиликтерге кайрылса үч айга чейин виза берилет.

“Азаттык”: Өнүккөн өлкөлөргө виза каттамын жеңилдетүүгө кандай тоскоолдуктар бар жана кандай даярдыктар керек?

Айдит Эркин: Коопсуздук жана башка маселелер жөнүндө мен айта албайм. Аларга башка органдар жооп берет. Мен Тышкы иштер министрлигине тиешелүү нерселерди айтайын. Биринчиден, визаны алып салуу деген бул кызматташтыктын абдан өнүккөндүгүн көрсөтөт. Мисалы, карым-катнаш абдан жакшы болгондуктан Казакстан, Орусия менен виза тартиби жок.

Чынын айтыш керек, визаны алып салуу деген эки тараптуу болуш керек. Мисалы, кайсы бир өлкө үчүн Кыргызстан визаны алып салса, бирок алар визаны алгандын ордуна күчөтүп жатса, бул деген теңата кызматташтык эмес да.

Грузия
Өнүккөн өлкөлөргө виза каттамын алып салган деп Грузия менен Украина мисал келтирилип жатат. Алар жөнүндө айта турган болсок, бул өлкөлөрдүн тышкы саясаты башкача, Кыргызстандан бир топ айырмаланат. Алардын Евробиримдик, НАТО менен кызматташтыктары өзгөчө, ал уюмдарга киребиз деген ниеттери да бар.

Ошондой эле Евробиримдик бул өлкөлөрдүн жарандарына көп жеңилдиктерди берген. Грузиянын өзүн алсак, Батыш өлкөлөрү алардын реформаларын да каржылап жатат. Ошондуктан бул өлкөлөрдүн виза саясаты да башкача.

“Азаттык”: Чындыгында эле өнүккөн өлкөлөргө визаны алып салсак, Кыргызстанга келген туристтердин саны артабы?

Айдит Эркин: Мен муну айта албайм, кандай болоорун эсептеп чыгыш керек. Ал эми мен ушуга байланыштуу бир мисал келтирейин. Мурда 45 болсо, былтыр ушул маалда жеңилдетилген виза тартибине дагы 11 өлкөнү кошконбуз. Алардын катарында Сауд Арабстан менен Бириккен Араб Эмираттары бар болчу. Буларды жеңилдетилген өлкөлөрдүн тизмесине киргизе электе бизге айтып жатышкан: “бул өлкөлөргө визаны жеңилдетип койсоңор эле, Кыргызстанга абдан көп саякатчылар жана инвесторлор келет” деп. Андан бери бир жыл өттү, бирок ал жактан турист, инвесторлор анчалык деле көбөйгөн жок.

Балким келечекте пилоттук катары 1-майдан 1-сентябрга деп, жакшы мамиледе болгон өлкөлөргө женилдетилген тартипти киргизип көрсөк болот. Бирок бул бүгүн-эртең эмес, жакынкы келечекте боло турган иш.

XS
SM
MD
LG