Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Эл аралык кылмыш соту Муаммар Каддафини камоого буйрук берди


Ливиялыктар тобу Эл аралык кылмыш соту тарабынан Муаммар Каддафини камакка алуу тууралуу буйрук чыгарылганын угуп, шаттанууда. Бенгази ш., 2011-жылдын 27-июну.
Ливиялыктар тобу Эл аралык кылмыш соту тарабынан Муаммар Каддафини камакка алуу тууралуу буйрук чыгарылганын угуп, шаттанууда. Бенгази ш., 2011-жылдын 27-июну.

27-июнда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Каддафини камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Эл аралык туруктуу кылмыш соту Каддафиге жана анын 2 жакын кишисине быйылкы февралдын ортосунан бери Ливиядагы режимге каршы баш көтөргөндөрдү айоосуз кыргынга учуратып, адамзатка каршы кылмыш жасады деген айып такты. Каддафинин өкмөтү болсо жалпы улутка референдум аркылуу анын саясий тагдырын чечүү сунушун жекшембиде жарыялады.


Эл аралык кылмыш сотунун үч мүчөдөн турган тобу бул соттун прокурору Луис Морено-Окампонун доо өтүнүчүн карап чыгып, Муаммар Каддафиге, ошондой эле анын уулу Сайф ул-Ислам Каддафиге жана өлкөнүн чалгын кызматынын башчысы Абдулла ас-Сенусиге адамзатка каршы кылмыш жасады деген айып тагуу тууралуу чечим кабыл алды.

Эл аралык кылмыш сотунун бул документинде Ливиянын лидери Муаммар Каддафи, анын уулу Сайф ул-Ислам Каддафи жана чалгын кызматынын башчысы Абдулла ас-Сенуси тууралуу маалымат камтылган. 27.6.2011.

Прокурор Луис Морено-Окампо мырза БУУнун Коопсуздук кеңешинин өтүнүчүнө ылайык тийешелүү доо менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылган.

Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү, теги ботсваналык саясатчы жана укук коргоочу Санжи Монагеңг (Sanji Mmasenono Monageng) айым голланддык Гаага шаарында 27-июнда чыгып сүйлөп, соттун чечими тууралуу мындайча жарыя кылды:

- Муаммар Каддафи режимге каршы чөтөрүлгөн атуулдук демонстрацияларды бардык аргаларды колдонуу менен токтотуп, басып салуунун долбоорун өзүнүн жакын чөйрөсү, анын ичинде Сайф ул-Ислам Каддафи менен биргелешип иштеп чыккан жана жетектеп турган.

Ливиядагы оппозициячыл күчтөр жана көтөрүлүшчүлөр, анын ичинде Ливиянын Өткөөл Улуттук Кеңеши Эл аралык кылмыш сотунун чечимин кызуу колдоп чыгышты. Бенгази шаарындагы көтөрүлүшчүлөрдүн баш кеңсеси дүйшөмбүдө таркаткан билдирүүдө Каддафини Ливиянын өзүнөн кармап, өлкөнүн ичинде эле адилет жазага тартуу чакырыгы камтылган.

Мисурата шаарынын тургуну Абд ус-Салам Хасан ливиялык режимдин жолбашчысы Каддафи тууралуу мындай дейт:

- Бул киши ливия элине каршы кылмыш жасады, калайыкты кырып, ойрондоп жатты. Бул кишини токтотуу керек! Бул - менин эле жеке оюм эмес, ливиялыктардын ою.

Тастыкталбаган маалыматтарга караганда, өлкөдөгү быйылкы кагылышуулар маалында бир нече миңдеген кишилер набыт болду. Өкмөттүк күчтөрдүн карапайым тургундарга каршы айоосуз чабуулдарына чек коюу жана аба мейкиндигинде учууга тыйууну камсыз кылуу үчүн мындан жүз күн мурда НАТО күчтөрү расмий Триполинин коопсуздук күчтөрүнүн тийешелүү буталарына каршы аба чабуулдарын баштаган.

Муаммар Каддафи өзү болсо авторитардык бийликти сактап калуу үчүн кашык каны калгыча салгылашаарын айтып келет.

Жекшембиде (27-июнда) Каддафинин өкмөтү жалпы улутка кайрылып, референдум аркылуу анын саясий тагдырын чечүү тууралуу сунуштады.

Рөйтер кабар агенттигинин маалымдашынча, Каддафинин басма сөз катчысы Муса Ибрагим жалпы калайыкка “улуттук баарлашуу жүрүмүн” баштоо жана Бириккен Улуттар Уюму менен Африка Биримдигинин байкоосу астында референдум өткөрүү сунушун ачыктады.

Эгерде Ливия калкы чечим кылса, анда Каддафи бийликтен кетет”, – деди ал.

Бирок Муса Ибрагим 1969-жылдан бери бийлик тизгинин колдон чыгарбай келген Каддафи өз атажуртунан эч жакка чыгып кетпестигин да кошумчалады.

Ливияда өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн куралдуу кагылышуусу дагы эле улантылууда.

Салгылашуу очокторунун бири ордо шаар Триполиден 80 чакырымдай алыстыкта жайгашканы кабардалды. Дүйшөмбүдө Бир ал-Ганам шаарынын кире беришинде айыгышкан салгылашуу жүрдү.

Ал эми 30-июнда Экватордук Гвинеянын борбору Малабо шаарында Африка Биримдигинин саммити ачылат. Анда Ливиядагы кырдаалды жөндөө - талкууланчу башкы суроолордун биринен болмокчу.

XS
SM
MD
LG