Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Нааразылык толкуну Ливияга жетти


Бахрейндеги демонстранттар саясий туткундардын бошотулушун талап кылышты. Манама, 16-феврал, 2011-жыл
Бахрейндеги демонстранттар саясий туткундардын бошотулушун талап кылышты. Манама, 16-феврал, 2011-жыл

Ливиянын Бенгази портунда массалык демонстрация болгону, анын алдында Бахрейндин борбор шаарындагы тополоңдордо 2 киши окко учканы кабарланууда.

Йеменде 4-күн катары менен президент Салехтин тарапкерлери менен анын оппоненттери кагылышты.

Араб дүйнөсү толкундоолор кучагында

Араб дүйнөсүн кучагына алган элдик толкундоолор 40 жылдан бери полковник Муаммар Каддафи автократтык ыкма менен башкарып келаткан Ливияга жетти өңдөнөт. Демонстрация жөнүндөгү маалыматты азырынча көз карандысыз булактар бышыктай элек. Бирок күбөлөрдүн ырастоосунда, экинчи ири шаар болгон Бенгазидеги чыгууларга укук коргоочу юристтин камакка алынышы түрткү болду. Ал кийин бошотулганы менен эл көчөгө агылды.

Демонстрацияга катышкан жүздөгөн киши өкмөткө каршы ураан чакырып, полицияны таш бараңга алышкан. Тартип коргоочулар болсо суу аткыч, жаш чыгаруучу газ колдонушкан. Түн ичинде демонстранттар бир нече машинага өрт коюшканы да кабарланууда.

Ливиянын менчик интернет басылмаларынын бири 14 кишинин жарадар болгонун, алардын көбү полициячылар экенин маалымдады. Азыр порттогу абал тынч деп айтылууда.

Бийлик азырынча ал окуяны комментариялаган жок. Анын ордуна мамлекеттик телеканал өкмөттүн колдоочулары уюштурган митингди көрсөтү.

Йемен менен Бахрейнде курмандыктар болду

Тунис менен Египеттен кийин Алжир, Бахрейн, Иран, Иорданияда жумушсуздук, баалардын кымбатташы, коррупция, автокарттык лидерлерге нааразы болгон эл козголду. Йемендин баш калаасы Санаада төртүнчү күн катары менен эл толкуп, демонстранттар менен полиция кагылышты. Бүгүнкү кагылышууда 2 киши набыт кетени кабарланууда.

Бахрейнде соңку нааразылык акцияларында 2 киши каза тапты. Падыша Хамад бин Иса ал-Халифа калкка кайрылгандан кийин полиция демонстрацияларга кийлигишүүдөн оолак болууну чечти. Падыша тополоңдордо курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын өлүмү иликтенээрин убада кылды. Ал-Халифа ошондой эле демократиялык реформаларды күч алдырууга сөз берди.

Ал аралыкта ички иштер министрлиги демонстранттарга ок ачкан полициячы кармалганын жана тергөө башталганын билдирди.

Демонстранттар 40 жылдан бери жогорку кызматта отурган премьер-министр Шейх Халифа бин Салман ал-Халифанын кетишин, саясий туткундардын азат кылынышын, жумуш орундарын түзүүнү, саясий реформаларды, жаңы конституциянын киргизилишин талап кылышууда.
Байкоочулардын айтымында, Бахрейн региондогу башка өлкөлөрдөн көп жагынан айырмаланат. Падышалыкта алгачкылардан болуп эркин шайлоо өткөрүлгөн, аялдар шайлоо укугуна ээ болушкан. Ирактай эле бул жерде да шийилер үстөмдүк кылат. Бирок билим, байлык жагынан суннилер коомдо жогорураак турушат. Башкаруучу династия да суннилердин өкүлдөрү. Шиийлер болсо алар дискриминацияланганын айтып келишет.

Демонстранттар эң башынан эле бийликти алмаштырууну эмес, көпчүлүктүн укуктарынын сакталышын, коомдун демократиялаштырылышын талап кылышууда.

Бахрейнде Кошмо Штаттарынын флотилиясы жайгашкандыктан, Вашингтон ал алакандай өлкөдөгү окуяларга тынчсыздануу менен карайт. 15-февралда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроули тараптарды сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG