Оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын мүчөлөрү жана күрд улутундагы депутаттар ант берүү аземин бойкоттошту. Алар оппозициянын депутаттары тоскоолдуктарга кабылып жатканына нааразылык билдиришти.
Түрк соттору Элдик-республикалык партиянын депутаттыкка шайланган, бирок абакта сотту күтүп жаткан 9 адамын бошотуудан баш тарткан. Шайлоо комиссиясы алардын бирин мандаттан ажыраткан.
Ал эми күрддөрдүн депутаттыкка шайланган, бирок тыюу салынган Күрд жумушчу партиясына тиешеси бар деген айып менен абакта отурган алты активисти да бошотулган эмес. Түркиянын мыйзамдары боюнча ант бербеген депутаттар парламент жыйынына катыша албайт.
Бирок бул нааразылык акциясы жаңы парламенттин сессиясынын ачылышына тоскоол болгон жок. 550 орундуу парламентте премьер- министр Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы бул ирет 327 орунга ээлик кылат.