Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Жогорку Кеңеш бүгүн ушул жайдагы акыркы жыйынын өткөрөт


Депутаттар жайдагы акыркы сессиясын бүгүн өткөрүп, 1-июлдан тарта эс алууга чыгаарын Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комитетинин мүчөсү Эгемберди Эрматов “Азаттыкка” билдирди. Мындан улам акыркы отурумда президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөө, Боршайкомдун мүчөлөрүн шайлоо өңдүү артка калтырылгыс бир катар маселелер каралганы турат. Жалпы болуп Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибине 50дөй маселе коюлууда.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айында кайра жумушка чыгышат. Ага чейин депутаттар бир ай эс алып, бир айда аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө тийиш. (KKs)

XS
SM
MD
LG