Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Африка союзу Франциянын козголоңчуларга курал беришин айыптады


Бул союздун комиссия төрагасы Жан Пинг Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Франциянын Ливиядагы козголоңчуларды курал менен жабдуу чечими аймак үчүн кооптуу экендигин белгиледи. Мунун алдында Франциянын аскерий өкүлдөрү Триполиден түштүк-батыштагы тоолуу аймактагы козголоңчуларга абадан ок атуучу курал таштаганын ырасташкан.

Бүгүн Экваториалдык Гвинеяда Африка союзунун саммити ачылууда. Ливиянын Африка союзунун иштери боюнча министри Жом Ибрагим Амердин айтымында, өкмөт бул саммиттен өзүнө колдоо күтүүдө.

XS
SM
MD
LG