Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

БШК курамына президент көрсөткөн талапкерлер белгилүү болду


Президент Роза Отунбаева бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына өз талапкерлерин көрсөтүп, тизме БШКнын мурдагы курамда иш алып барган адамдардан турду. Алар: Акылбек Сариев, Жаркын Бапанова, Эрик Ирискулбеков жана Женишбек Акматов.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов президент Роза Отунбаевага кат жолдоп, анда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин талапкерлигин Боршайкомдун жаңы курамына сунуштообону өтүнгөн. Депутат өзүнүн бул сунушун “Сариев былтыр өткөн парламенттик шайлоодо Шайлоо кодексин одоно бузган. Өзүнүн бир тууган иниси шайлоого аттанган партиянын тизмесинде болгондугуна карабай ишинен кетпей койгон” деп негиздеген эле.

Өмүрбек Абдрахманов президент Акылбек Сариевдин талапкерлигин кайрадан көрсөтө турган болсо бул боюнча коомчулукта жана парламентте талкуу уюштураарын эскерткен болчу. (EK)

XS
SM
MD
LG