Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Исхак Масалиев “Тактекелер” деген китеп чыгарды


Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, 13-27-июнь күндөрү түштүк облустарында эл менен жолугушууларды өткөрүп келгенин билдирди. Экс-депутат түштүк жергеси боюнча 39 жолугушуу уюштурулганын, анда ага карата бир жыл ичи жүргөн соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу элге маалымат берилгенин билдирди. Масалиев бул жолугушууларда “Тактекелер” деген аталыштагы китепчесинин бет ачаарын да өткөрүп келген. Китепте Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга баа берилет.

Масалиевдин айтымында, жолугушууларда жергиликтүү эл “2000-жылдагыдай эки палаталуу парламент болуп, жарымын эл шайлап, жарымы партиянын тизмеси менен өтсө жакшы боло тургандыгын” билдиришкен. Ушундай пикирлерге таянып Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев “менин оюм боюнча, бүгүнкү күндө биздин мамлекет парламенттик системага эрте өтүп алды окшойт. Анткени саясий маданият, коомдун өнүгүшү ага даяр эмес”, - дейт. (EK)

XS
SM
MD
LG