Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Сотторду тандоо кеңешинин курамы бекитилген жок


Жогорку Кеңеш кечээ кечинде Сотторду тандоо кеңешинин курамын талкууга алып, аны бекитүү иши күзгү сессияга калтырылды. Буга депутаттардын бир пикирге келе албаганы жана парламенттеги Сот-укук маселелери боюнча комитеттин кеңешке кирген судьяларга карата каршы пикирлери себеп болду.

Буга чейин Сотторду тандоо кеңешинин курамы бекитилсе, Кыргызстандагы 400дөн ашык судьянын кызматына ылайыктуулугу кайра териштирилээри кабарланган. Өткөн аптада бир катар жарандар ЖК имаратынын алдында нааразылык акциясына чыгып, парламент тыныгууга кеткенге чейин кеңештин курамын бекитүүнү өтүнүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG