Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Абактарды которуу нааразылык жаратты


Степное айылында жайгашкан аялдар абагы
Степное айылында жайгашкан аялдар абагы

Аялдар альянсы №50 убактылуу тергөө абагындагы аялдардын Бишкектеги №1 тергөө абагына которулушуна нааразы.

Алар аялдар менен эркектердин чогуу бир жерде кармалышына каршы чыгууда. Жаза аткаруу кызматы өз кезегинде колдо бар имараттарды максаттуу пайдалануу үчүн тергөө абагындагыларды ирээттештирүү аракети жүрүп жатканын билдирди.

Жаза аткаруу башкармалыгынын чечими боюнча Ысык-Ата районуна караштуу Алга айылындагы №50 убактылуу тергөө абагында жаткан 62 аялдын жыйырма тогузу Бишкектеги №1 тергөө абагына, отуз үчү Кара-Балтага жакын жердеги Вознесеновка айылындагы №14 балдар колониясынын базасында түзүлгөн аялдардын убактылуу тергөө абагына которулду.

"Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелер" альянсы №1 тергөө абагында аялдар менен эркектерди бирге кармоо аракети мыйзамга каршы келип, адам укугунун бузулушуна алып келээрин айтып чыгышты.

Альянстын мүчөсү Таалайгүл Исакунованын айтымында, мындай кадам тергөө абагындагы аялдардын абалын оорлотуп, жаман кесепеттерге алып келиши ыктымал.

- Алар аялдардын коопсуздугун ошол СИЗОдо отурган эркектерден сактап бере алабы? Сексуалдык жактан да аялдарга коркунучтар пайда болот. Аялдар өздөрүнө ылайыкталган СИЗОдо отурганда жок дегенде короо жайда кенен басышат.

Атайын ашкана, буюмдарын пайдаланып, өзүнчө бир аялдардын коому болоор эле. Эми алардын бир аймакта эркектер менен аралашып калышы сөзсүз түрдө ар кандай көйгөйлөрдү туудурат.


2002-жылга чейин №1 убактылуу тергөө абагында аялдар менен эркектер чогуу кармалып турушкан. 2002-жылы Кара-Балтадагы Вознесеновка айылында атайын аялдар үчүн тергөө абагы курулуп бүтүп, ага №1 тергөө абагындагы аялдар көчүрүлгөн болчу.

2005-жылы кылмышка шектүү аялдарды Вознесеновкадан шаарга сот процесстерине ташуу чыгымы көп болуп жатат деген себеп менен алар Кантка жакын Алга айылындагы №50 тергөө абагына которулган. Бул күнгө чейин Вознесеновкадагы 76 орундуу тергөө абагы бош калган.

"Садага чабылган укук"

Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун айтымында, абактагы адамдардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасаган жана кылмышка шектүү уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүн бир жерге кармоого №50 тергөө абагы ылайыктуу. Ал жерге 80 кишини батырса болот.

Жакынкы күндөрдө өкмөттүн түрмөлөрдү түзүү боюнча токтому чыкса, анда №50 тергөө абагы түрмө болуп, анын алдында убактылуу тергөө абагы түзүлөт.

- Бизде Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жалпы, күчөтүлгөн, катаал, өзгөчө жана түрмө режими болуш керек. Бизде болгону жалпы жана күчөтүлгөн эле режим бар. Түрмөбүз жок. Ошондуктан колдо бар имараттарыбызды максаттуу, туура пайдаланалы деп жатабыз. Аны кээ бир адамдар түшүнбөй, тоскоолдук кылып жатат.

Азиза Абдрасулова
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова коркунучтуу кылмышкер эркектерге шарт түзүү үчүн Жаза аткаруу башкармалыгы аялдардын укугун садага чаап жатканы түшүнүксүз болуп жатканын белгилейт.

Укук коргоочунун айтымында, кайрадан аялдар менен эркектерди мурункудай бир кармоо эл аралык стандарттардан чегинип, артка кайтуу болуп саналат.

-Эмне себептен аялдардын укугунун эсебинен ошол эркектерге ушундай шарт түзүлүп жатат? Экинчиден, алар ошол 27 кишини кантип ушулар кылмыш топтун мүчөлөрү деп тандап, иргеп алды? Соттун чечими болбосо аны алар кайдан, кантип билишти? Мен үчүн ушул түшүнүксүз.

Кыргызстан эл аралык адам укуктарын сактоо боюнча минималдык стандарттарды кармануу милдеттерин алган. Ошол милдеттенмелердин ичинде аялдар, балдар аярлуу топ болуп саналат. Түрмөдөгү аялдардын арасында боюнда бары болот, үч жашка чейинки балдары менен болот. Алар кантип анан чогуу кармалышы керек?


Аялдар абагындагы оюнчук
Шейшенбек Байзаков №1 тергөө абагында аялдар менен эркектер чогуу эмес, эки башка корпуста кармалаарын айтып, убактылуу тергөө абагындагы жашоо шарт тууралуу укук коргоочулар туура эмес көз карашта экендигин белгилейт.

Байзаков укук коргоочулар убактылуу тергөө абагындагы жашоо эрежелерин жакшы билбегендиктен, тескери маалыматтарды таратып жатат деген ойдо.

- СИЗОдо адамдар камерада отурат. Укук коргоочулар айткандай алар сыртка кенен-кесир чыкпайт, короону, гүлдү сугарбайт. Өздөрү ашканада тамак жасабайт. Аларга тамак жасап, камераларга берилет. График менен бир саатка сейилге чыгат. Анан укук коргоочулар "мониторинг жүргүздүк, ушундай шарттары бар эле" деп жатышат. Ал СИЗО эмес, алар колонияны айтып жатышат.

Ушул тапта Кыргызстанда алты убактылуу тергөө абагы бар, алардын бири - Вознесеновкадагы №14 балдар колониясынын базасында түзүлгөн, жаңы курулган аялдардын колониясы. Сөз болуп жаткан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагы 1329 кишиге эсептелгени менен ал жерде 1493 киши отурат. Ал жердеги өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп шектелген 29 киши №50 тергөө абагына жайгаштырылды. Эгер жакынкы күндөрдө түрмөлөрдү түзүү боюнча өкмөттүн токтому чыга турган болсо, калган ушундай 43 кылмышка шектүү жаран да которулат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG