Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Нарын медициналык окуу жайынын айрым өкүлдөрү митингге чыкты


Нарын облустук медициналык окуу жайынын айрым кызматкерлери жана студенттери Нарын шаарынын борбордук аянтына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын мугалими Төлөгүл Арпачиева “Азаттыкка” маалымдады. Анын билдиришинче, окуу жайдын жамааты жаңы директор болуп дайындалган Венера Маймендеевага каршы болууда. Чогулгандар директор окуу жайдын өзүнөн шайланышы керектигин билдиришүүдө.

Арпачиеванын айтуусу боюнча, акцияга 200гө чукул адам катышууда. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Азырынча директор Маймендеева менен байланышуу мүмкүн болгон жок. (ErB)

XS
SM
MD
LG