Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Киммо Килюнен Кыргызстанга келүүгө уруксат сурайт


Былтыркы июнь коогалаңынын себеп, кесепеттерин иликтеген эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Килюнен Кыргызстанга келиши мүмкүндүгүн бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков журналисттерге билдирди. Төраганын айтымында, жакында Жогорку Кеңештин депутаттары Финляндияга барып, ал жерде Киммо Килюнендин демилгеси менен жолугушуу өткөн. Кыргызстандык депутаттар эл аралык комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калганын айтышып, андагы кемчиликтерди белгилешкен. Килюнен Кыргызстанга келүүгө уруксат берүүнү өтүнүп, баяндамада кетирилген кемчиликтерди такташуу максатында депутаттар менен жолугушууну көздөп жатканын билдирген.

Өткөн жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон кагылышууларды иликтөө үчүн түзүлгөн эл аралык комиссия өз корутундусун 3-майда жарыялаган.

Жогорку Кеңеш 26-майдагы жыйынында комиссиянын корутундусу бир тараптуу экендигин белгилеп, юридикалык күчү жок документ катары тааныган. Мындан тышкары комиссия төрагасы Киммо Килнен “персона нон-грата” деп жарыяланып, анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган.

Президент Роза Отунбаева парламенттин бул чечимин ашкере болуп калды деп сындап чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG