Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Синайда эл аралык боро жардырылды


Египет, Израил жана Иорданияны туташтырган газ боросунда жардыруу болду. Жардыруу атайын уюштурулган саботаж деп шектелүүдө. Ройтерс агенттигинин Египеттин коопсуздук кызматына шилтеп кабарлашынча, жардыруу Синай жарам аралындагы газ айдоочу станцияда болгон. Франс Пресс агенттигине ырасмий булактардын айтышынча, жардыруу болор алдында станциянын жанына жеңил машине келип токтогон. Апрелде болгон ушундай жардыруу эл аралык борону бир нече күнгө токтотуп, газ ташуу үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG