Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Акылбек Сариев Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүн сынга алды


Эски курамдагы Боршайком төрагасы Акылбек Сариев бүгүн Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгун сынга алды. Сариев мыйзам боюнча БШК мүчөлөрүн шайлоодо депутаттар тарабынан өзү жетиштүү добушка ээ болгонун белгилөөдө. Өткөн бейшембиде парламентте БШКнын президент көрсөткөн талапкерлердин ар бири үчүн өзүнчө добуш берилип, анда Акылбек Сариев 54 добушка ээ болуп, өтпөй калган.

Бирок Сариев өзү ошол күнү парламент отурумуна баары болуп 101 депутат катышканын далил кармап, алардын жарымынан көбү анын талапкерлиги үчүн добуш берди деп, аны өтпөй калды деген жалпы чечим мыйзам боюнча туура эмес болуп калгандыгын билдирүүдө.

Сариев шайлоо тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынышы шарт болгондугуна карабай, биринчи окууда эле өткөрүлүп кеткендигине нааразы экендигин ачыктады. (EK)

XS
SM
MD
LG