Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Кыргызстанда көзү азиздер үчүн долбоор ишин баштады


“Жүрөк менен дүйнөнү сезүү” аттуу долбоордун алкагында көзү азиз 26 бала англис тилинен сабак алып, алты киши массаж жасоону үйрөнүшөт. Дагы 12 бала ашпозчулук кесипке ээ болушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Феномен” коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиев кабарлады. Аталган долбоор алты айга созулуп, соңунда сертификат берилмекчи. Ошондой эле көзү азиз жана жарым-жартылай көргөн адамдарга өз ишин ачуу жол-жобосу жана патент менен иштөө боюнча тренинг өткөрүлөт.

Долбоор соңунда “Менин кыялым” акциясы өткөрүлүп, катышуучулар жарым саат унаа айдашат. “Жүрөк менен дүйнөнү сезүү” долбоорун “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылоодо.

Кыгызстанда 130 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катталса, алардын 6 миңден ашууну көзү азиздер. (КЕ)

XS
SM
MD
LG