Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Бектур Асанов кызматтан алынды


Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов кызматтан алынып, губернатордун милдетин аткаруучу болуп мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясынан депутаты болгон Азиз Турсунбаев дайындалды. Бул тууралуу жаңы губернаторду администрация менен тааныштыруу үчүн Жалал-Абадга келген вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов билдирди.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы маалымдагандай, мындай кызматтык дайындоолордун себеби ачыкталган жок. Кызматтан бошогон Бектур Асанов өкмөткө эч кандай каршы пикири жок экендигин билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы жаңы дайындоолор тууралуу расмий маалымат түшө электигин “Азаттыкка” кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG