Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Сотторду тандоо кеңешинин курамына сындар айтылды


Сотторду тандоо кеңешинин курамына көрсөтүлгөн 24 талапкердин айрымдарына депутаттар сын-пикирлерин билдиришти. Депутат Исмаил Исаков кеңешке көрсөтүлүп жаткан Нышанбек Кочкоров, Алмаз Жутанов, Элмира Ажыибраимова, Рыспек Шүкүралиевге карата каршы пикирин ачыктап, аларды мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда бийликтин көрсөтмөсүн аткарган деп сыпаттап чыкты. Өз кезегинде аталган талапкерлер бул айтылгандарды четке кагышты.

Учурда депутаттар талапкерлерди шайлоого киришти. Анын алкагында 24 талапкердин ар бирине өз-өзүнчө добуш берилмекчи.

Сотторду тандоо кеңешинин курамына парламенттеги коалициялык көпчүлүк жана оппозициялык фракциялардан сегизден талапкер көрсөтүлүп, калган мүчөлөрү Соттордун кеңешинен сунушталган. Кеңеш Кыргызстандын бардык аймактарындагы сотторду тандоо функциясын аткармакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG