Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 7-июлдан 8-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун Жаңы-Шаар айылында катуу шамал катталган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, катуу шамал 5 турак үйдүн чатырын жараксыз абалга келтирген. Учурда райондук комиссия келтирилген чыгымдарды тактоодо. (КЕ)