Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

"Булгария" кемесинен жүздөн ашык киши дарексиз


Акыркы маалыматтарга караганда, Волга дарыясындагы кырсыкка кабылгандардын жүздөн ашыгынын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Аларды 50дөй суучул издеп, таба алган жок. Ар кандай маалымат булактарында чөгүп кеткен "Булгария" кемесинде 200гө жакын киши болгондугу айтылууда. Алардын 80ден ашыгы тирүү куткарылган. 5 кишинин сөөгү табылганы айтылууда.

Чукул кырдаалдар министрлиги калгандарынын аман табылаарынан үмүт аз экендигин айтууда. Жүргүнчүлөрдү ташуучу "Булгария" теплоходу кечээ кечинде Волга дарыясында кырсыкка учураган. Ал 1955-жылы пайдаланууга берилген.

Транспорт министрлиги акыркы жолу теплоход быйыл 15-июнда техникалык кароодон өткөнүн маалымдады. Кырсыкка аба ырайынын, же кеменин техникалык абалынын начардыгы себеп болушу мүмкүн деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG