Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ливия боюнча АКШ-Франция пикири кайчы болууда


АКШ бийлиги Ливия лидери Муаммар Каддафини бийликтен кетиши керек деп эсептейт. Мындай билдирүүнү АКШ мамлекеттик департаменти Франция Коргоо министрлигинин билдирүүсүнөн кийин таратты. "Өткөөл өкмөт кандай чечет ал ливиялыктардын иши, бирок биз Каддафи ээлеген кызматында калышы керек эмес деген ойдо калабыз" деп айтылат бул билдирүүдө.

Франция Коргоо министри Жерар Лонге Ливия козголоңчулары жеңилүүнү күтүп отурбай, Муаммар Каддафи менен сүйлөшүүнү башташ керек деген. Анын айтымында, сүйлөшүү башталары менен НАТО бомбалоону токтотот. Ливия козголоңчулары болсо Каддафинин кетиши башкы талап деп келатат.

XS
SM
MD
LG