Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Акунов: Мага каршы саясий куугунтук жүрүүдө


Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окуу жамаатынын айрым өкүлдөрү жана ректор Аалыбек Акунов өзү анын кызматтан алынышына министр Канат Садыковдун тике тиешеси бар экендигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылды. Акунов ага каршы саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирди.

Өткөн айда Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы профессордук окутуучу курам жана студенттерден турган 100гө чукул адам окуу жай ректору Аалыбек Акуновдун кызматтан кетишин талап кылып митинг уюштурган. Анда ректорго "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланат", "кадрдык саясатты туура эмес жүргүзүүдө" деген айыптар коюлган эле.

Митингчилердин мындай дооматтарын уккан Билим берүү министри Канат Садыков “талаш тегин жерден чыкпаса керек, бул боюнча териштирүү болот” деп билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG