Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 13-июлда Кыргызстанда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын, ылдамдыгы 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34, Баткен облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…5 градус суук, күндүз 11…16 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус жылуу болот. (EK)

XS
SM
MD
LG