Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Локарнодо көрсөтүлөт


Кыргызстандык кинорежиссер Айгүл Баканованын “Жамгыр” аттуу тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өтө турган “Эртеңки күндүн леопарддары” аттуу фестивалга катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирип, “Жамгыр” тасмасы кыргыз киносунун тарыхында экинчи болуп бул фестивалга катышып жатканын ачыктады. Маалыматка ылайык, буга чейин Актан Арым Кубат “Селкинчек” тасмасы менен аталган фестивалга катышып келген.

Локарнодо 3-августта башталып, 13-августка чейин созула турган “Эртеңки күндүн леопарддары” фестивалы бул жылы 64-жолу уюштурулуп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG