Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Бишкекте жалган паспорт даярдаган жеке фирма аныкталды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул фирма Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашып, издөөдө жүргөн адамдар үчүн жалган паспорт даярдап жүргөн. Бул фирманы аныктоо үчүн тартип коргоо кызматкерлери өздөрүн кардар катары тааныштырып, жалган паспорттун кантип даярдаларын аныктап чыгышкан. Маалыматка ылайык, бул фирма жалган паспортту беш күн ичинде даярдап, акысына 1500 доллар алып жүргөн.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жеке фирманын жетекчиси катары Аламүдүн районун жашоочусу, 50 жаштагы аял кармалды. Учурда бул фирма аркылуу кимдерге жалган паспорт берилгени териштириле баштады. (KKs)

XS
SM
MD
LG