Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:12

Чукул кабар: Сел коркунучу бар


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 20-июлга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

16-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз гана кээ бир тоолуу райондордо жаан-жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 8…13 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 32…34 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG