Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Бишкекте аялдардын эл аралык экономикалык симпозиуму өтөт


Эртең Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиуму башталат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, бул симпозиумга саясатчы аялдар жана жеке менчик ишканалардын ээлери, билим берүү тармагынын жана жарандык коомдун жетекчилери катышып, аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча стратегиялар тууралуу ой бөлүшөт. Иш-чараны Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева кириш сөз менен ачат.

Мындан тышкары бул иш-чарага АКШ Мамлекеттик департаментинин аялдардын глобалдык маселелери боюнча элчиси Меланни Вервир жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк катышаары кабарланууда. Экономикалык симпозиум 20-июлга чейин созулмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG