Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Рыкунованын билдирүүсүн териштире турган комиссия түзүлдү


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим Соттор кеңешинин бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Кеңештин беш мүчөсүнөн турган комиссия “Мегакомдогу” акча которууларга тиешеси болгону айтылган Раушан Рыкунованын айрым маалымат каражаттарына берген билдирүүсү боюнча иликтөө жүргүзөт.

“Раушан Рыкунова маалымат каражаттарына "БиМоКомЛтд” ишканасына байланыштуу соттук териштирүүлөрдө айрым судьялар өз кызыкчылыгын көздөп жатканын билдирген”,-деп жазылат Жогорку Соттун басма сөз кызматы таркаткан маалыматта.

Раушан Рыкунова "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан мыйзамсыз акча алып кеткен" деген шек менен июнь айынын орто ченинде камакка алынып, июль айынын башында Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына бошотулган.

Апрель окуялары учурунда Раушан Рыкунова “Мегаком” байланыш операторунун акцияларына ээлик кылууну көздөп келе жаткан “БиМоКомЛтд” ишканасын ээси делген Penwell компаниясынын өкүлү катары иштеп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG