Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Апрель окуясында жабыркагандар медициналык кароодон өтүүдө


Аларга саламаттыгынын абалын толук текшерүүдөн акысыз өткөрүүгө бардык шарттар түзүлүп, 13 дарыгер бөлүнгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 19-июлдан бери 40 киши медициналык кароодон өткөнүн билдирди. Апрель окуясында денесинен жаракат алган 51 адам Бишкекте катталган, алардын ичинен 11 киши 2-топтогу, 5 киши 3-топтогу майып. Апрель окуясында өлгөндөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жана бардык жабырлануучуларына медициналык жардам акысыз көрсөтүлүп, дары-дармектер атайын мамлекеттик программанын алкагында бекер берилет.

2010-жылдын 7-апрелинде атылган октон 86 киши набыт болуп, 400дөн ашуун киши түрдүү жаракат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG