Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

22-июлда айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 22-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33, Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 7…12 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG