Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Мунапыс менен 3100 адам бошотулат


Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам жалпы абакта отурган 8407 адамга тиешелүү. Бирок алардын ичинен 3100 адам гана эркиндикке чыгарылат. Ал эми калгандарынын мөөнөттөрү кыскарат.

Учурда Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, прокурорлор жана коомдук байкоочу кеңештердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, дүйшөмбүдөн тарта мунапыс колдонула турган адамдарды аныктай башташат.

"Мунапыс тууралуу" мыйзамга кечээ президент Роза Отунбаева кол койгон. Бул мыйзамды көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган кызматкерлер жоопкерчиликке тартаары кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG