Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Норвегия: Утойа аралындагы ок жаадыруу


Жума күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулгандарга ок жаадырылганы кабардалды.

Полициячынын кийимин кийген бир европалык киши чогулган жаштарга ок жаадырган. Он чакты киши набыт болуп, бир нече киши жаракат алганы маалымдалды.

Кол салган киши норвегиялык тектүү экени жана ал камакка алынганы тууралуу да кабардалууда.

Бул жаштар жыйынына өкмөт башчы Столтенбергдин келээри күтүлүп жаткан.

Соңку маалыматтарга караганда, Ослодогу жардыруу менен Утойа (Utoya) аралындагы ок атуунун ортосунда байланыш бар болушу ыктымал.

Бирок Норвегия бийликтери бул чабуулдун артында тургандар тууралуу үстүртөн эле баа берип, кол салуунун жоопкерчилигин “ал-Кайида” сыяктуу уюмдарга эч далилсиз шылтоого болбой турганын эскертти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG