Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн Бишкекте “Оймо-2011” фестивалы ачылат


“Көркөм өнөр жана маданият боюнча Орто Азия түйүнү” борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, иш-чаранын расмий ачылышына өлкө президенти Роза Отунбаева катышат. Фестивалдын максаты – кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, келечек муунду башка аймактардын маданияты менен тааныштыруу жана Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат. Ага Борбор Азиядан келген 100дөн ашуун көркөм өнөр ээлери, өздүк көркөм чыгармачыл топтордун өкүлдөрү катышат.

Андан сырткары Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанына жүздөн ашуун кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюм-теримдеринин жарманкеси уюштурулат. “Оймо-2011” фестивалы 24-июлдан 2-августка чейин уланмакчы. Ушундай эле иш-чара Бишкектен кийин Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шаарында ачылат. “Оймо” фестивалы Кыргызстанда алтынчы жолу өткөрүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG