Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Норвегияда Брейвиктин алгачкы соту өттү


22-июлда Осло жана ага жакын Утойа аралындагы чабуулдарды ишке ашырган деген шек менен кармалган Брейвиктин соту 35 мүнөткө созулду.
Соттук жараянды жабык тартипте өткөрүү тууралуу Осло соту чечим кабыл алды.

32 жаштагы норвегиялык бул жаран эки чабуулду өз моюнуна алганын жекшембиде полиция жарыялаган. Акыркы маалымат боюнча террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны 90го чукул. Жоон топ киши дарексиз экени кабарланууда.

Бул күндөрү норвегиялыктар курман болгондорду эскерүүдө.

Андерс Брейвик жасаган кылмышын мойнуна алып, соттун жүрүшүндө баарын толук айтып бере тургандыгын айтты. Прокуратура Брейвикти 8 жума камакка алуу сунушун киргизди.

XS
SM
MD
LG