Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Конституциялык палата менен Жогорку Соттун судьялыгына 144 арыз түштү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Соттогу 35 бош орунга 114 талапкерден, Конституциялык палатадагы 11 орун үчүн 30 талапкерден арыз түшкөн. Алардын бирөө арызын кайтарып алган.

Соттук кызматка арыздарды кабыл алуу кечээ аяктаган. Сотторду тандоо кеңеши бул талапкерлердин кызматка ылайыктуулугун он күн ичинде карап чыкмакчы.

Талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” жана “Кыргыз Туусу” гезиттерине жарыяланып, www.sudsystem.kg сайтына жайгаштырылды. Жарандык коом талапкерлерге карата өз пикирлерин билдирсе болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG