Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Тапанчачан качкын аскерди кармашты


Бул маалыматты Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Гүлнара Берманова “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, 27-июлда аскер бөлүктөн качып кеткен Бек Жолдошев Бишкек шаарынын кармалып, жанындагы тапанчасы министрликтин аскер бөлүгүнө кайтарылды. Окуя боюнча Бишкек гарнизондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, аскердин качып кетүүсүнүн чоо-жайы иликтенүүдө.

Бек Жолдошев 27-июлда Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүн өз эрки менен таштап качып кеткен. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Жолдошевде тапанча болгон, бирок анда колдонулчу ок-дарылар жок болчу. Качып кеткен жоокер 1992-жылы туулган, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. Ал кызматка Биринчи май райондук аскер комиссариаты тарабынан 2011-жылдын жазында чакырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG