Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Сирияда танктардын чабуулунда 11 киши набыт болду


Активисттер менен күбөлөрдүн айтымында, баш калаа Дамаскиден 30 чакырым түштүк-батыштагы Канакер шаарында коопсуздук күчтөрүнүн танктар коштогон чабуулунда 11 карапайым тургун окко учту.

Британиядагы cириялык Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун билдиришинче, президент Башар ал-Ассаддын бийлигине каршы демонстрация өтүп жаткан шаар азыр танктардын курчоосунда.

Күбөлөр ошондой эле армиянын чалгын кызматтары шаардан 300 чакты кишини кармап кетишкендигин билдиришүүдө. Сириянын бийликтери өлкөдөгү чет элдик журналисттердин басымдуу бөлүгүн чыгарып жиберген, ошондуктан күбөлөрдүн айткандарын жана расмий билдирүүлөрдү тактоо дайым эле мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG