Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

БУУ Сомалинин баш калаасына күл азык жеткирди


Уюмдун чукул жардамы Могадишуга учак менен жеткирилди. Жардам агенттиктери өлкөнүн түштүгүнөн каатчылыкка кабылган адамдар баш калааны каптап кетиши мүмкүн экендигин эскерткен. Сомалинин 6 миллион калкынын жарымы ачарчылыктан жапа тартууда.

Эки жылдан берки кургакчылыктын кесепетинен Сомали менен катар Кения, Эфиопияда 11 миллиондон ашык киши запкы тартууда. Бириккен улуттардын учагы менен беш жашка чейинки балдарга берилүүчү 10 тонна атайын күл азык жеткирилди. Бул азык 3 жарым миң баланы бир ай багууга гана жетет. Жардам агенттиктери исламчылар көзөмөлдөгөн аймактардагы ачка калган эки миллион кишиге жете албай тургандыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG