Укук коргоочулар кеңеши бүгүн коомчулукка билдирүү таратып, Конституциялык палатага жана Жогорку Сотко талапкерлердин санынын аздыгына тынчсыздануусун билдиришти. Укук коргоочулар мыкты сотторду тандап алуу мүмкүнчүлүгү өтө аздыгын, талапкерлер арасындагы атаандаштык натыйжалуу эмес экенин айтышууда.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова сотторду тандоо үчүн сынак кеңири коомчулукка жарыяланбаганын, талапкер катары көбүнчө Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн тааныш, жакындары арызын бергенин “Азаттыкка” билдирди. Ошол себептүү Укук коргоочулар кеңеши сотторго кайрадан сынак жарыялоо керектигин белгилешүүдө.
Буга чейин укук коргоочулар Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү өздөрү Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлигин коюп жатканын сынга алышкан.
Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган. Бул кеңеш Кыргызстандагы 450дөн ашык судьялардын кызмат ордуна ылайыктуулугун кайра карап чыкмакчы. (КЕ)