Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Кылмыштуу топторго дагы жүгөн салганы жатышат


Президенттик шайлоону утурлай уюшма кылмыш топторго каршы күрөштүн экинчи этабы башталат – 29-июлда Кыргызстан ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ушинтип жар салды

Быйыл кышта жарыяланган күрөштүн натыйжасында уюшма топтордун 200 чамалуу лидерлери жана мүчөлөрү кармалган. Ал эми анабаштары саналган Көлбаев менен Анапияевди Араб Эмирлигинин полициясы жакында камады.

Ошол эле кезде күрөштүн экинчи этабы катуу каршылыктарга туш келээри айтылууда.

Жарым жылдын жыйынтыгын санап жатышат

Кыштан бери Ички иштер министрлиги Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөсү делген 175тен ашык адамды кармап, 60 кылмыш иши сотко жиберилип, 20 иш боюнча сот өкүмү чыкканын билдирди.

Министр Зарылбек Рысалиев кылмыш дүйнөсү менен күрөштүн биринчи этабы жемиштүү болду деп эсептейт:

Зарылбек Рысалиев
- Биздин өлкөнүн жетекчилиги уюшма кылмыштуу топторду тазалайсыңар деген тапшырма койду. Тазаладык. Күнү-түнү турган кызматкерлерге, жетекчилерге рахмат. Бүгүн бизнесмендердин баары “оңой дем алып калдык” деп айтып жатышат. Биз бизнесмендерге эң аз болсо да шарт түзүп бердик. Биринчи этапты бүттүк десек болот.

Бул сапар кыйын болот окшойт

Министрликтин маалыматына алайык, Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун 500дөн ашык мүчөсү бар. Азыр алардын 35 пайызга жакыны гана колго түшүрүлгөн экен. Булардын көпчүлүгү кайсы бир кылмыш иштерге шектүү делген адамдар.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовдун айтымында, эми кылмыштуу топтордун калган өкүлдөрүн ооздуктоо иши өткөрүлмөкчү:
Күнү-түнү турган кызматкерлерге, жетекчилерге рахмат. Бүгүн бизнесмендердин баары “оңой дем алып калдык” деп айтып жатышат.

- Экинчи этабы биринчиден оор болот. Себеби алардын бардык байланышын, алардын бүгүнкү учурга чейин тапкан байлыгын, каяктан тапкан, кимдер жардам бергени аныкталат. Албетте мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн, тартип коргоо органдарынын жардамы жок андай байлыктарды табышкан эмес да. Алар байлыктарын өздөрүнө жаздырган эмес. Тууган-туушкандарына жаздырган. Ошондуктан булардын бардыгын тактап, кимдин күнөөсү бар экендигин аныктайбыз. Андай адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Жакында Бириккен Араб Эмирлигинде кармалган, кылмыштуу топтордун төбөлдөрү делген Камчы Көлбаев баштаган үч адамды Кыргызстанга алып келүү дале мүмкүн болбой жатат.

Эмираттар менен кылмышкерлерди алмаштыруу боюнча келишим жок. Ошондуктан Кыргызстан үчүнчү өлкөлөр аркылуу алып келүү жагын караштырууда.

Укугун бузбай кармабайсыңарбы

Бирок уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген адамдарды кармоодо мыйзам бузуулар орун алып жатканын Ички иштер министрлигинин ишин көзөмөлгө алган Коомдук байкоочу кеңештин төрага орун басары, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жар салды:

Азиза Абдрасулова
- Биз тескери жагына кетип калып жатабыз. Биринчи кармап, булар ушундай топтун мүчөсү деп атап, “ярлыкты” тагып туруп анан сотко алып барып жатабыз. Чынында демократиялык, укуктук мамлекетте бул тескерисинче болот.

Биринчи ошол адамдар конкреттүү жасаган кылмышы үчүн кармалат, анан ошону жалгыз жасадыбы, же уюшуп алып жасадыбы - тергөөдө, сотто далилденет, анан коомчулукка булар уюшулган топ деп жарыяланат.


Ушул жылдын январь айында Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында президент Роза Отунбаева уюшма кылмыштуу топторду ооздуктоо талабын катуу койгон. Ички иштер министрлиги бул топторго каршы күрөш жарыялап, жарым жыл ичинде мындай топтордун тамырын кыркабыз деп убада кылган.

Эми уюшма топторго каршы күрөштүн кийинки багыты август айынын экинчи он күндүгүнө белгиленген Коргоо кеңешинин жыйынында белгилүү болчудай.

XS
SM
MD
LG