Сириянын бир нече шаарында көчөгө чыккан элге каршы коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызчу газ жана башка ок-жабдык колдонду. Президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы митингдерге чыккан он миңдеген сириялыктарга каршы полиция айрым жерлерде кадимки курал колдонгонун күбөлөр айтып беришкен. Сириянын бийликтери өлкөнүн батыш тарабында башкы мунай куурунда бомба жардыруусу болуп, жакын жердеги көлгө кара май агып жатканын кабарлашты.