Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Зилзаланын чыгымы 477 млн. сомдон ашты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 20-июлдагы жер титирөөнүн кесепетинен Ош жана Баткен облусунда кеминде эле 750дөн ашык имарат авариялык абалга келгени аныкталды.

Аймактагы имараттарга келтирилген чыгымдардын жалпы көлөмү 477 миллион 500 миң сомду түзүүдө. Баткен облусунда жер титирөөдөн жабыркаган 1214 адамдын тизмеси бекитилди.

20-июлдагы жер титирөөнүн күчү очогунда 7-8 баллга жеткен. Өкмөт буга чейин жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG